Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Төрага Шакиев шайлоодогу гендердик квотаны сынга алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 4-декабрдагы жыйынында шайлоодогу гендердик квота маселеси кайра каралышы керектигин билдирди.


“Ишкерлерди укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатканда депутат Исхак Масалиев бул документ менен “айымдар ишкердиги” түшүнүгү кирип жатканын сынга алып, ишкердик тегиз каралышы керек деген пикирин билдирди.


Төрага Шакиев Масалиевдин пикирин кубаттап, шайлоодогу гендердик квота маселеси да каралышы керектигин айтты.


“Туура айтасыз, ишкердикте баары тең болушу керек. Гендер-гендер дейбиз, артыкчылыктарды беребиз. Шайлоого келгенде гендердик маселе иштебей калат. Шайлоодогу ушул квота маселесин карап чыгуу керек. Бардык эле жерде тең, кээде ашып кетишет да, шайлоого келгенде эле түшүп калышат “биз алсызбыз, квота беришиңер керек” деп”, - деди Шакиев.




Депутат Камила Талиева мыйзам долбоору ишкердик менен алектенген аз сандагы айымдарды колдоого аларын белгилеп, төраганын пикирине макул эместигин айтты.


“Өткөндө өлкө боюнча чогулган жыйында ишкер аялдарга сиздин атыңыздан сыйлыктарды берип, “мыйзамды төрага өзү колдоп жатат” деп жылуу пикирлерди айтып келдим эле. Бир аз калпычы болуп калдым. Статистикада үй жумуштарын 97% аялдар аткарат экен. Ишкердикке келгенде алар мамлекеттен, банктан насыя ала албайт, эл аралык уюмдар эле көтөрүп атат. Мыйзамдагы экинчи беренеге “ишкер аял” деген терминди гана киргиздик. Перспективада аларга каржы жагынан кичине жардам болсун деген ниетте, силерден бийлик талашкан эч ким жок, айланайын эркектер. Аман болгула, андай көз караштан кетели”.


Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы Кыргызстан гендер теңдиги жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган. Бирок коомчулукта бул талап көбүнчө эмгек акысы аз төлөнгөн, социалдык кызматтарда эле сакталып келе жатканына дооматтар бар.


Жогорку Кеңеште 20 аял депутат бар. Алардын 19у партиялык тизме менен, бирөө бир мандаттуу округдан шайланып келген. (TAb)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus