Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Абактагы ишкер Ташовдун жакындары президентке кайрылды

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Имамидин Ташовдун жакындары президентке кайрылып, аны үй камагына чыгарууга көмөктөшүүнү сурады.



Ишкердин жакындары 4-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп, президенттен Имамидин Ташовдун ишин жеке көзөмөлгө алууну өтүнүштү.



Ташовдун апасы Саипжамал Абдукаимова уулу негиздеген курулуш компаниясынын кийинки жетекчилеринин айынан үлүшчүлөр жабыркаганын билдирди. Иниси Азиз Ташовдун журналисттерге билдиргенине караганда, кийинки жетекчилердин айынан компания 581 млн сомдук чыгым тарткан. Азиз Ташов компаниянын үлүшчүлөрдүн үйлөрүн тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок бардык мүлкү камакта тургандыктан, аны ишке ашыруу мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.



Имамидин Ташов Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат. Ал кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.




Атайын кызмат Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.



Имамидин Ташовдун адвокаты Самат Матцаков 29-ноябрда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Адвокат тергөөчүлөр үйүнөн Ташовдун ишине байланыштуу төрт дискти алып кеткенин айтып, өзүнүн кармалышын кесиптик ишмердиги менен байланыштырган.


Бишкектин Биринчи май райондук соту Матцаковду 30-декабрга чейин камакта калтырган.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus