Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Билим берүү мекемелеринде телефон колдонуу тартиби иштелип чыкты

Билим берүү министрлиги жалпы, кесиптик жана кошумча билим берүү мекемелеринде мобилдик аппараттарды колдонуу тартибин иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.


Документке ылайык, окуучудан баштап, кызматкер же башка жарандар билим берүү мекемесине кирген учурда мобилдик телефонунун добушун өчүрүшү керек. Ал эми класс, кеңсе, аудиторияга кирген окуучу телефонун толук өчүрүп, атайын кутучага салууга милдеттүү.


Атайын сабакка керек болгон же тыныгуу, өзгөчө кырдаалдар сыяктуу учурларда колдонууга уруксат берилет. Мобилдик телефонду мектептин электр тармагына кошууга, ар кандай видео-сүрөттөрдү көрсөтүүгө, тартууга тыюу салынат. Мындай талаптарды бузгандарга оозеки эскертүү, күндөлүккө жазуу жана ата-энесин чакыртуу сыяктуу жазалар каралган. Документти толук бул жерден окусаңыз болот.


Министрлик мындай чара коопсуз окуу процессин камсыз кылуу, билим алуучулардын ден соолугуна кам көрүү, мобилдик аппараттардын зыянын алдын алууга багытталганын белгилейт.




Мектептерде мобилдик телефон колдонууга чектөө киргизүү зарылдыгы буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары тарабынан көтөрүлгөн. Чөнтөк телефондун зыяны көп болуп жатканын президент Садыр Жапаров да билдирип, аны чектөөнүн жолдорун иликтөөнү тапшырган. Мектептерде окуучулардын чөнтөк телефон колдонуусуна тыюу салган тажрыйбага көңүл буруп, ата-энелери менен бирге иш алып барууну тапшырган.


Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим иштейт. Былтыр 1-сентябрда мектеп босогосун 150 миңдей бала аттаган. (TSh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus