Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өзгөндөгү акы төлөнө турган айланма жолдун курулушу аяктады

Ош облусундагы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү автоунаа жолу жана көпүрөлөр курулуп бүттү. Учурда жол четиндеги коопсуздук тосмолору жана төлөм пункттарын түзүү иштери аяктап жатат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.


Облус башчысы Элчибек Жантаев жаңы курулган айланма жолду көрүп, анын ачылышына карата даярдыктар менен танышты. Маалыматка караганда, жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт. Жолго 200 жана 97 метр болгон эки көпүрө салынды.




Журналист Болот Темировдун Temirov Live Ютуб каналында 1-октябрда "Өзгөндөгү жолго Тай-Мурас ээлик кылат. Ташиев баласына иш козгой алабы?" деген иликтөө чыккан. Анда Өзгөн айланма жолун “Тез жол” компаниясы салып жатканы, анын негиздөөчүлөрүнүн бири Тай-Мурас Ташиев экени айтылган.


Президент Садыр Жапаров 2-октябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Өзгөндөгү айланма жолду салууга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев инвестор тапканын айткан. Ал мамлекет узак убакытта өзүн актай турган долбоорлорго каражат салбай турганын, мындай иштерге жеке жактарды тартууга кызыкдар экенин кошумчалаган.


Айланма жол 14 чакырымга созулуп, андан өткөн жеңил машинеден 200 сом, жүк ташуучу автоунаадан 700 сом алына турганы айтылып жатат. Өкмөт менен жолду салып жаткан компания 49 жылга келишим түзгөн.


30 жаштагы Тай-Мурас Камчыбек Ташиевдин тун уулу. Ал 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп шайланган жана көп өтпөй ишкерлик менен алектенерин айтып, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган. (TSh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus