Башкы прокурор Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунда майыптыгы бар кызды уурдоо жана зордуктоо боюнча козголгон кылмыш иши менен таанышып, жабырлануучунун апасы менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда кыздын апасы бул кылмышка тиешеси бар адамдардын жоопкерчиликке тартылбай жатканын айтып, нараазылыгын билдирган. Башкы прокурор ишти жеке көзөмөлөнүнө аларын айтып, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазага тартыларын убада кылды.
Максат Асаналиев 29-ноябрда Ысык-Көл облусуна барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолуккан.
Каракол шаарынын тургуну Кыял Темирканова 27-ноябрда Ысык-Көл облустук милициясы жана облустук прокуратурасынын алдына акцияга чыккан. Ал 24 жаштагы майыптыгы бар кызы зордукталгандан кийин тергөө иштери адилет жүрбөй калганына нааразы.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы бул иш боюнча эки жаран кармалганын 5-августта билдирген. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен козголгон кылмыш ишине шек саналып жатканы кабарланган. Маалыматта Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну эки айга абакка камалып, экинчи шектүү - Түп районунун 36 жаштагы тургуну тергөө аяктаганча үй камагына жиберилгени айтылган.(TSh)