Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

“Женго” деген каймана аты бар Досонов 20 жылга кесилди  

Бишкектин Биринч май райондук соту 29-ноябрда “Женго” деген каймана ат менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов жана аны менен кошо айып тагылгандарга өкүм чыгарды. Өкүмгө ылайык, Досонов 20 жылга абакка кесилди. Бул тууралуу соттон кабарлашты.


Досонов Кылмыш жаза кодексинин 262-беренеси (“Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу”) менен 12 жыл, 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен 15 жыл абакка кесилди. Сот 77-беренеге (“Кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо”) таянып, анын үй-мүлкүн конфискациялоо менен жалпы 20 жыл эркиндигинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.


“Женго” менен кошо айыпталган дагы алты киши 20 жылдан жаза алды. Бир киши 9 жылга кесилип, сот залынан камакка алынды. Калган айыпталгандардын баары камакта болчу.




2023-жылы 13-январда Ош шаарында топ адам бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир киши өлүп, дагы бири катуу жабыркаганы маалым болгон. Ош шаардык милициясы адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган Кадырбек Досонов баштаган беш кишини кармаган. Кийин ушул эле ишке байланыштуу жалпы тогуз шектүү колго түшкөнү белгилүү болгон.


Кадырбек Досонов 2023-жылдын ноябрь айында дагы башка кылмыш ишине байланыштуу күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке которулган. Бирок кайсыл иш экени айтылган эмес.


Ал буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан.


Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтун бир катар мүчөлөрү, анын ичинде Кадырбек Досонов да кылмыштуу топтон, мындай идеялардан баш тартканы тууралуу видеолорду тараткан. (TSh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus