1-2-декабрда өлкө боюнча аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Тоолуу жолдор тайгак болот. Туруксуз аба ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3° суук, күндүз 3…5° жылуу болот.