Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкекте он айда автобустар катышкан 300дөн ашуун жол кырсыгы катталды

Бишкек шаарында 2024-жылдын 10 айында автобустар катышкан 329 жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынын 169 учуруна муниципалдык автобустун айдоочулары күнөөлүү болгон.


Бул тууралуу маалымат 29-ноябрда мэр Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасында өткөргөн жыйында белгилүү болгонун басма сөз кызматы кабарлады.


Жыйынга транспорттук инфратүзүмгө байланыштуу бардык органдын өкүлдөрү катышты. Жыйынтыгында шаардык транспорт муниципалдык ишканасын ондон ашык жооптуу кызматкерлерине сөгүш, катуу сөгүш берилди. Жол эрежесин бир нече жолу одоно бузган 24 айдоочу жумуштан четтетилет.




Жаңы автобустар күн алыс жол кырсыгына кабылган окуялардын сүрөт-видеолору социалдык тармактарда жарыяланып келатат. Бүгүнкү күнү шаарда каттамга 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат.


Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар каттамга чыгарылган. Шаар бийлиги алардын санын утур-утур көбөйтүп, кичи автобустардын баарын автобустарга алмаштырууну көздөп жатат.


Августтун соңунда Бишкек шаардык Транспорт департаменти 500 кичи автобус алып келип, жаңы конуштардагы каттамдарга коюу пландалып жатканын билдирген.


Ушул тапта шаардагы жол тыгындарына байланыштуу Бишкек мэриясына сын күчөдү. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы бир нече жолу көтөрүлдү. (TSh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus