Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Камчыбек Ташиев “кемпирабадчылар” менен жолугушту

29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту актаган саясатчылар жана активисттер менен жолукту.


Бул иш боюнча айып коюлган активист Илгиз Шаменов (Илгиз Сарылдык уулу) Фейсбуктагы баракчасына жолугушуудан тартылган сүрөттөрдү жарыялап, Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Өзбекстан менен жетишилген келишимди түшүндүрүп, картадан көрсөтүп бергенин жазды.


Конституциялык соттун мурдагы судьясы, Кемпир-Абад иши боюнча акталган саясатчы Клара Сооронкулова “Азаттыкка” жолугушууга “кемпирабадчылардын” көбү катышканын айтты.


“Камчыбек Ташиев кылмыш ишине тиешеси жок экенин, аны Ички иштер министрлиги козгоп, тергегенин айтты. Ал эми иш боюнча өкүмдү сот чыгарганын ага да бийлик кийлигишпегенин, азыр да аралашпай турганын айтты”, - деди ал.


УКМК жолугушуу тууралуу комментарий бере элек.


Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.




Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.


Быйыл 14-июнда Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунда акталган. Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.


Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон жана сот жараяндары жабык өткөн.


Кемпир-Абад иши боюнча ишти Бишкек шаардык соту быйыл 6-августтан бери карап жатат. Буга прокуратуранын 12-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаганы себеп болгон. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus