Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иран атомдук программасын мындан ары да кеңейтерин эскертти

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи БУУ Тегеранга каршы кайрадан санкция киргизсе, анын өлкөсү өзөктүк доктринасын өзгөртүп, бомба иштеп чыгышы мүмкүн экенин эскертти.


Ирандык маалымат каражаттары кабарлагандай, 28-ноябрда Лиссабондо сүйлөгөндө министр Иранда бомба жасоо үчүн техникалык ноу-хау бар, бирок аны чыгаруу "өлкөнүн коопсуздук стратегиясына кирбейт" деп айтты.


Мындай билдирүү Ислам жумурияты менен Британия, Франция жана Германиянын Женевадагы сүйлөшүүлөрүн утурлай жасалды. Кездешүүдө бир катар маселелер, арасында Тегерандын ядролук программасы жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжал талкууланмакчы.


Аракчи ал жыйын азыркы ядролук туңгуюктан чыгуу "жолдору бар-жогун аныктоону" көздөөрүн билдирди.


Женевадагы жолугушуу ядролук сүйлөшүүлөр деп сыпатталбаганы менен Ирандын атомдук программасы негизги тема болот деп күтүлүүдө.


Өткөн аптада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкаруучулар кеңеши Иранга каршы резолюция кабыл алып, ал өлкөнүн кеңейип жаткан ядролук программасынын абалына “ар тараптуу баа берүүнү” тапшырган.


Анын жыйынтыгы 2015-жылкы келишимдин алкагында алынып салган санкцияларды калыбына келтирүүгө жол ачышы ыктымал.


Иран жана алты держава (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ + Германия) ал жылы түзгөн келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектейт, ага жооп катары АКШ Ислам жумуриятына салынган экономикалык санкциялардын көбүн алып салган. Дональд Трамптын тушунда, 2018-жылы Вашингтон келишимден чыгып кеткен.


Иран буга атомдук программасын кеңейтүү менен жооп кайтарган.


Келишимди калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2022-жылы токтоп калган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus