Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Астана саммити: Садыр Жапаров тынчтык жана коопсуздук үчүн биригүүгө чакырды

"Дүйнөдөгү жана аймактагы кырдаалдын курчушу коопсуздук коркунучтары менен күрөшүүдө гана эмес, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо да күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат".


Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-ноябрда Астанада өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык Коопсуздук кеңешинин чакан отурумунда билдирди.



Мамлекет башчы бул үчүн ЖККУга мүчө мамлекеттер бири-бири менен тыгыз аракеттенүүсү зарыл экенин айтып, чогуу уюмдун потенциалын бекемдөөдө олуттуу натыйжаларга жетишүүгө болорун белгиледи.



ЖККУнун чакан отурумунда эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгү талкууланды.

Быйыл Казакстан ЖККУда төрагалык милдетти аткарып жаткандыктан, уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити бул жолу Астанада өтүүдө. ЖККУ төрагалыгы 2025-жылы Казакстандан Кыргызстанга өтөт.



Астанадагы саммитке Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты.



1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө – Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан бар.



Армениянын премьер-министри Никол Пашинян быйыл 12-июнда Армения уюмдан чыгарын жарыялаган. Ал Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу кайталаган. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва өз кезегинде Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган. (ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus