Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Башкы прокуратура 813 адам мунапыс менен жазадан бошотулганын билдирди

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу жарыяланган мунапыс боюнча 813 адам жазадан бошотулганын билдирди.


Мекеме дагы 325 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылганын кошумчалады. Булардын канчасы түрмөдөн чыкканы тууралуу Жаза аткаруу кызматы маалымат бере элек.


Жазадан бошотулган 813 адамдын ичинен 25и 60 жаштан өткөн эркектер менен 55 жаштан ашкан аялдар, 10у I жана II топтогу майыптар, 25и жашы жете элек экиден кем эмес балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары барлар. 688и биринчи жолу анча оор эмес кылмыштарды жасагандар. Алты аял жалгыз бой энелер, бешөө көп балалуу аялдар.


Мындан тышкары, жазасын өтөп жаткан жабык жайлардан качып кетип, кийин мунапыс мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде өз ыктыяры менен келген жети адам кылмыш жазасынан толугу менен бошотулган.




Абактагыларга мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров быйыл 9-февралда кол коюп, ал 13-февралда күчүнө кирген.


Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткан адамдардын айрымдарына мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга ылайык, оор эмес кылмыш кылганы үчүн айыпталган төмөнкү адамдар жаза өтөөдөн бошотулары айтылган:



жашы 55тен жогорку аялдар жана жашы 60тан өткөн эркектер;
I - II топтогу майыптыгы бар адамдар, үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу, эки же андан ашык жашы жете элек же майыптыгы бар балалуулар;
биринчи жолу соттолгондор, жалгыз бой энелер, көп балалуу аялдар;
мыйзам күчүнө кирген күнгө карата бир жылга жетпеген жаза мөөнөтү калган аялдар, жашы жете элек өспүрүмдөр.


 


Жаза аткаруу кызматынын 2024-жылдын башындагы маалыматында, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus