Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Парламентте мугалимдерге ноутбук алуу маселесин иликтөө талабы коюлду

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мугалимдерге ноутбук сатып алуу маселеси боюнча депутаттык иликтөө жүргүзүү талабын койду. Депутат бул тууралуу парламенттин 28-ноябрдагы отурумунда айтып, ноутбук сатып алуу боюнча документтер колуна тийгенин билдирди. 



"Министрлер кабинетинин жарлыгы өзү туура эмес жазылган, ноутбуктар качан алынышы да көрсөтүлбөгөн. Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин жана башка бир катар министрликтердин каршылыгына карабай, бир топ алешемдиктер кетиптир. Бул барып акыр түбү баягы "аттиш операциясына" барып калмак экен. Президент өз учурунда туура, алдын алуучу жаза колдонду. Муну акыр аягына чыгарып, иликтеп коюшубуз керек. Коорупциялык схема түзүү менен алуу аракети болуп калганбы? Муну депутаттар дыкат карайлы", - деди Талиева.



26-ноябрда президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага, министрликтин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага сөгүш берилди. Буга мугалимдерге сапатсыз ноутбуктар сатып алуу негиз болгон.



Садыр Жапаров июль айында Кыргызстандын орто мектептеринин бардык мугалимдерин ноутбук менен камсыздоо тапшырмасын берген. Ноутбуктарды чогултуу боюнча “Кыргызиндустрия” мекемеси менен келишим түзүлгөн. Садыр Жапаров билим берүү жана илим министрине мекемеден алынган ноутбуктардын техникалык талаптарга жооп беришин, сапатын жана баасын көзөмөлгө алууну тапшырган.



Догдуркүл Кендирбаева биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбук менен камсыздаларын билдирген.



Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%, кийинки окуу жылы 100% ноутбук менен камсыздалары айтылган.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus