Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат Дастан Бекешев жолдогу тыгын көйгөйү чечилбей жатканын билдирди

Борбор калаада жол тыгын көйгөйү чечилди деген маалымат чындыкка дал келбесин депутат Дастан Бекешев 28-ноябрда парламенттин отурумунда айтып чыкты. Депутат бул тууралуу өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытовдун маалыматынан кийин айтып, тыгын маселеси тескерисинче күчөп жатканын белгиледи.



"Келиңиз, кагаздагы эмес, чыныгы жашоону көрөлүчү. Кечинде капкараңгыда көпчүлүк студенттер көчөдө үйлөрүнө барышат. Автобус күтүп, 2-3 автобусту которуп жүрүп, үйлөрүнө өтө кеч жетерин айтып атышат. Тыгын аз келгенсип, автобекеттерди шаардын сыртына чыгарып салдыңар. Бул дагы аз келгенсип, троллейбустарды жок кылдыңар. Адамдар үйлөрүнө кантип жетип атышат? Статистиканы кайдан алып жазышат деги?", - деди Бекешев.



Дагы бир депутат Элдар Абакиров автобекеттерди шаар сыртына чыгарып салуу Бишкекке Чүй облусунун жакынкы райондорунан келип окуган студенттер үчүн кыйынчылык жаратканын белгиледи. Ал студенттер менен жолуккан учурда алар автобекетке жетүү үчүн такси жалдоого аргасыз болуп жатышканын айтып, даттанышканын кошумчалады.



Депутат автобекеттердин шаардын сыртына чыгарылышы жол тыгынын азайтмак түгүл, тескерисинче көбөйткөнүн айтып, шаарга учурда таксилер көп каттап жатканын белгиледи.




Бишкекте Батыш, Чыгыш автобекеттери 23-октябрда жабылып, андагы автобус, такси каттамдары шаардын сыртына чыгарылган. Ошондон кийин элде автобекеттердин шаардан алыстыгына нааразылыктар пайда болгон. Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы аймактарга кетүү үчүн Алматы-1/1 дарегине жайгашкан "Бишкек" автобекетине, ал эми өлкөнүн түштүк-батышындагы аймактарына кетүү үчүн Сокулук тараптагы жаңы ипподромдун жанына жылдырылган убактылуу автобекетке жетүү машакатка айланганы соцтармактарга жарыяланган.



Мэрия бул шаардагы жол тыгынды азайтуу максатында убактылуу чара экенин, жаңы автобекет Фучик көчөсүнө курулуучу ири комплекске жайгашарын билдирген. (ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus