Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орусиянын миграция борборунун өкүлчүлүгү Ош шаарында ачылат

Орусиянын көп функционалдуу миграция борборунун ("Сахарово") филиалын Кыргызстандын Ош шаарында ачуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирген.



Анын сөзүнө караганда, министрлик Орусиянын көп функционалдуу миграциялык борборунун ("Сахарово") өкүлчүлүгүн Кыргызстанда ачуу тууралуу келишим түзүлгөн. Бул өкүлчүлүк Ош шаарында ачылат.



"Орусия миграция борборунун бизде өкүлчүлүгү болушуна биз дагы буга кызыкдарбыз. Анткени бул биздин жарандарга өлкөдөн чыгар алдында зарыл процедуралардан өтүүгө жана мыйзамдуу түрдө Орусиянын аймагында болууга жардам берет. Орусияга негизги миграциялык агым республиканын түштүк аймактарынан келгендиктен, Ош шаарында өкүлчүлүк ачуу чечими кабыл алынды. Учурда Орусия тарап жана Ош мэриясы менен сүйлөшүү процесси жүрүүдө", - деди Дарманкул уулу.



Министрдин орун басары Орусияга барган кыргызстандык жарандар ал өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек деген талаптар менен бирге эле, алардын ал жакка барышында көйгөй болбошу керектигин эскертти.



Орусиянын миграция борборунун филиалын Кыргызстанда ачуу сунушу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова 25-октябрда Москва шаарында "Көп функционалдуу миграциялык борбор" мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги менен жолугушкан учурда берилген.



Соңку учурларда кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө тоскоолдуктар болуп, текшерүүлөр күч алууда. Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жарандар түрдүү себептер менен Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган.



Ушундан улам Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындай кырдаалга тынчсыздануусун билдирген учурлар бар.



ТИМ өткөн айдын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилишинен жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.



Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.



Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар. (ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus