Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израил борбордук Газаны бомбалоону күчөттү, 17 киши каза тапты

Израил армиясы - ЦАХАЛдын соккусунан бейшембиде Газа тилкесинде бери дегенде 17 палестиналык каза тапканын жергиликтүү дарыгерлер билдиришти. AP агенттиги ЦАХАЛ анклавдын борбордук бөлүгүн бомбалоону күчөтүп, танктары түндүк жана түштүктө ичкери жерлерге жылып жатканын маалымдады.


Медиктердин айтымында, Бейт-Лахияда турак жайга жана оорукананын жанына урулган соккудан жана Хан-Юнис шарында мотоциклге тийген дүрмөттөн алты киши каза тапты.


Израилдин учактары Нусейраттагы качкындар лагерине бир нече сокку урганы, көп кабаттуу имарат талкаланганы, мечиттин жанындагы жолдорго дүрмөт тийгени кабарланды. АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн тилкенин саламаттыкты сактоо мекемесинин өкүлдөрү ал жакта кеминде жети киши набыт болгонун билдиришти. Маалыматка ылайык, танктын аткылоосунан бери дегенде эки киши – аял менен бала каза тапты, бешөө турак жайга тийген дүрмөттөн мерт кетти.


ЦАХАЛ түнкү жана бейшемби күнкү соккуларды комментарийлеген жок.


Израил хамасчыларды түп тамыры менен жок кылууну көздөгөнүн айтууда.


Ал эми Газанын бийлиги согуш башталган былтыркы 7-октябрдан бери 44 миң 200 киши каза тапканын, анклавдын дээрлик бүтүндөй калкы жер которууга аргасыз болгонун билдирди. Тилкенин басымдуу бөлүгү урандыга айланган.


2023-жылы 7-октябрда Израил Газадан ХАМАС радикал тобунун кол салуусуна кабылып, 1200 киши өлтүрүлгөн, 251 кишини жоочулар барымтага алып кетишкен. Ошондо Израил радикал топко каршы согуш жарыялаган.


Урушту токтотуу аракеттеринен майнап чыкпай келатат.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus