Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Грузиянын башкаруучу партиясы президенттикке мурдагы футболчуну көрсөтөрүн жарыялады

Грузиянын бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы президенттик кызматка мурдагы футболчу Михаил Кавелашвилини көрсөтөт. Бул тууралуу партиянын ардактуу төрагасы Бидзина Иванишвили 27-ноябрда билдирди.


1995-жылы Кавелашвили Владикавказ шаарындагы "Спартак-Алания" командасынын курамында Орусиянын чемпиону наамын алган. 2016-жылдан бери парламент депутаты. Алгач ал башкаруучу партиянын атынан депутат болгон, кийин өзүнчө бөлүнүп чыккан "Элдик күч" саясий тобун жетектей баштаган. Бул топ негиздеген партия өзүнүн Батышка каршы жана "салттуу баалуулуктарды" колдогон саясаты менен белгилүү.


Кавелашвили Батыштын, оппозициянын сынына кабылган "чет элдик агент", ЛГБТны чектөө мыйзамдарын колдоп гана эмес, активдүү сүрөп, үгүттөгөн.


53 жаштагы Кавелашвилинин билими тууралуу так маалымат ачык булактарда жок. Футболдук карьерасын ал 1980-жылдары баштаган.


Грузин оппозициясы аны орусиячыл көз караштагы саясатчы деп атайт.




Президенттик шайлоо бул өлкөдө 14-декабрда өтөт. Мамлекет башчыны шайлоо бул жолу жаңы система боюнча уюштурулат – жалпы элдик добуш берүү болбойт, шайлоочулар коллегиясы добуш берет. Коллегия курамында 300 мүчөсү бар, алардын 150сү парламенттин, 21и Ажария аймагынын жана 20сы жикчил Абхазиянын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, 109у муниципалдык кеңештердин делегаттары болот.


Биринчи турда жеңишке жетиш үчүн талапкер 200дөн кем эмес добушка ээ болушу шарт. Эгер экинчи тур зарыл болуп калса, аны ошол эле күнү өткөрүшөт. Добуш берүү парламенттин имаратында уюштурулат.


"Грузин кыялы" партиясынын ардактуу төрагасы, орусиячыл миллиардер олигарх Бидзина Иванишвили шайлоого катышпай турганы 25-ноябрда жарыяланган.


Жаңы башчы беш жылдык мөөнөткө шайланат, анын инаугурациясы 29-декабрда өтөт.


Азыркы президент Саломе Зурабишвили бийликке 2018-жылы "Грузин кыялынын" колдоосу менен келген, бирок кийин өлкөдөгү окуяларга карата көз карашта ажырым пайда болгон. Азыр ал октябрда өткөн парламенттик шайлоо таза болбогонун айткан оппозицияны колдоодо.


26-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Грузин кыялы" партиясы добуштардын 53,92% алган, ал эми оппозицияга 38% тийгени жарыяланган.


Европа Биримдигине жана НАТОго мүчөлүккө талапкер Грузияда аталган партия бир нече орусиячыл демилге көтөрүп, ишке ашырды. Бул үчүн ал Батыштын сынына кабылууда.


Парламенттик шайлоо таза өтпөгөнүн айтып, бийликти орусиячыл саясаты үчүн сындап чыккан миңдеген демонстрантты полиция күч менен таркаткан. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus