Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат “Яндекс.Таксинин” ишмердигин текшерүү керек экенин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанда “Яндекс.Такси” компаниясы анда такси кызматын көрсөтүп иштегендерден алына турган комиссияны жогорулатып жибергенин, Министрлер кабинети буга чара көрүшү керектигин айтты. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.


“Башында 10, 15, кийин 17% чейин көтөрдү. Ошентип баасы асманды чапчып келе жатат. Миңдеген такси айдоочулары нааразы болуп кайрылып жатышат. Алар болсо бирөөнүн машинесин ижарага алып айдап жүргөндөр. “Яндекс.Таксинин” комиссиясы эмне үчүн 21% жетип калды? Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы биз жиберген катка “Яндекс.Такси” жөндүү жооп бербейт дейт. Болгону эки жолу 13 миң сомдон гана айып салышыптыр. Аларды тоготпойт экен. Ошондуктан “Яндекс.Таксинин” ишмердигин караш керек”, - деди ал.


Жанар Акаев Кыргызстанда ишкердикти колдой турганын, бирок “Яндекс.Такси” ишканасы комиссияны негизсиз көтөрүп жибергени туура эмес экенин кошумчалады.




Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Яндекс.Такси” компаниясын Кыргызстандын такси рыногунда монополист деп тапкан. Коомчулукта ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар айтылып келет.


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 26-мартта “Яндекс.Такси” компаниясына ээлик кылган “Яндекс” бизнес тобунун жетекчиси Даниил Шулейкону кабыл алып, компаниянын айдоочулары салык төлөөгө тийиш экенин эскерткен.


“Яндекстин” өкүлүнүн жолугушууда айтканына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 100 миңден ашык айдоочу компаниянын тиркемесине кошулган. “Яндекс.Такси” Кыргызстанда адамдарды ташуудан сырткары тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет. Анын баш кеңсеси Москвада жайгашкан.


Компанияны былтыр күзүндө Орусиянын бийлиги да такси рыногунда монополист деп таанып, бааны көтөрүү, айдоочулардын тапканынан үлүш алуу иштерин сынга алган жана монополияга каршы чаралар көрүлөрүн эскерткен.


Былтыр декабрда Казакстанда монополияга каршы жүргүзүлгөн чаралардын негизинде “Яндекс.Такси” административдик жоопкерчиликке тартылып, өлкөнүн санарип системасын колдоо фондуна өз ыктыяры менен 3 млрд тенге (6,5 млн доллар) төлөп бергени кабарланган. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus