Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мурдагы милиция кызматкери Абдисатар уулу 20-январга чейин камалды

Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулу 2025-жылдын 20-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.


Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-ноябрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Мурдагы милиция кызматкерин камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча тергөөчүсү берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып коюлууда.


Ички иштер министрлиги (ИИМ) Тимур Абдисатар уулуна издөө жарыяланганын 25-ноябрда билдирген. Ал 26-ноябрда ИИМге өзү барып, тергөөдөн качпаганын, издөөгө алынганын билбей жүргөнүн айткан. Ошол эле күнү кечинде Фейсбуктагы баракчасына кармалгандан кийин кыйноого кабылганы тууралуу билдирүү жарыялаган. ИИМ ал боюнча комментарий бере элек.




20-ноябрда социалдык тармактарда Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен Тимур Абдисатар уулуна окшош адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканын көрүүгө болот.


Бул тасмага байланыштуу Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери (М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т.) жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы (М.Н) кармалып, 20-январга чейин камакка алынды. Милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып тагылууда. 


Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.


Сөз болуп жаткан видео Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Тимур Абдисатар уулу жана Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын ошол учурдагы жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкандан кийин чыккан.


Кийин Тимур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулуп, Талгат Өскөналиев кызматынан төмөндөтүү менен жумуштан алынган. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus