Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Милиция Чүйдө 12 мектеп окуучусу таттууга ууланганын билдирди

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Чүй районундагы Искра айылында 12 мектеп окуучусу таттууга ууланганын билдирди.


Маалыматка ылайык, 27-ноябрда Токмок шаардык ооруканасына Искра айылынын 12 жаштан 16 жашка чейинки 12 мектеп окуучусу тамакка ууланган деген диагноз менен кайрылган. Алардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Балдардын абалы туруктуу.


Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.


Териштирүүдө 27-ноябрда 7-класстын бир окуучусу Искра айылында жайгашкан таштанды таштоочу жайдан “BEN 10” фирмасынын таттууларын жана суусундук таап, аларды мектепке алып келип, классташтарына да берген. Окуучулар ушундан улам ууланып, ооруканага кайрылган.


Бул продукциялар алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.


Чүй райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери райондук мамлекеттик администрациясынын жана Чүй райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгы менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus