Бишкек мэриясы “РЦА Ливинг” жоопкерчилиги чектелген коому менен “Аккула” ат майданынын жерин акысыз өткөрүп берүү боюнча келишимге жана макулдашууга кол коюлганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарынын мэриясына ROX Group жана TNG Global Foundation компанияларынан “Аккула” ипподромунун мүлкүн сатып алуу сунушу түшкөн. Мэрия бул эки ишкана “РЦА Ливинг” аттуу туунду компания түзгөнүн кабарлады.
Келишимге ылайык, “РЦА Ливинг” жер тилкесин 49 жылга пайдалануу үчүн шаардык бюджетке 5,8 млрд сом төлөйт. Ошондой эле Бишкекке 3,5 млрд сомго үч мектеп, үч бала бакча, үч сейил бак, тротуар куруп берет. Шаардын бюджетине жалпы 10 млрд сомго чейин каражат түшөт деп пландалууда. Инвестор мындан тышкары Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгууга да каражат бөлөт.
“Эски ипподромдун ордунда заманбап турак жайларды, бизнес борборлорду, коомдук имараттарды, ошондой эле социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда. Инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 87 млрд сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, “РЦА Ливинг” жоопкерчилиги чектелген коому быйыл 19-августта катталган. Жетекчиси катары Фан Ань Шон көрсөтүлгөн.
Бишкек шаардык кеңеш быйыл август айында “Аккула” ат майданын 55,73 гектар аянты менен эки ишканага түз сатуу боюнча токтом долбоорун карап, колдоп берген.
Ат майдандын аянты 45,73 гектар жерди түзөт жана андагы имараттардын аянты 1818,5 чарчы метрге жетет. Көз карандысыз эксперттер ипподромду баалап, баштапкы баасын 8,7 млрд сом деп эсептеген, ушул суммага аукционго коюлган. Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Аккула” ат майданы 1947-курулган.
Президент Садыр Жапаров быйыл 21-мартта жаңы ат майданынын курулушуна капсула салган. Ал Сокулук районунун аймагында – Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот деп айтылган. (BTo)