Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент Жапаров авиакомпаниялар ЕБдин “кара тизмесинен” чыгышы мүмкүндүгүн айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2025-жылы өлкөнүн авиакомпаниялары Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгарылышы күтүлүп жатканын билдирди.


Мамлекет башчы бул тууралуу 27-ноябрда, Берлинде “Airbus Europe” компаниясынын президенти Йохан Пелиссье менен жолугушкан учурда билдирди.  Жапаров акыркы жылдарда авиациялык коопсуздукту жакшыртуу, эл аралык стандарттарды киргизүү жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча жигердүү иштер жүргүзүлгөнүн, бул өз кезегинде чектөөлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатканын белгиледи.


Садыр Жапаров ошондой эле "кара тизмеден чыгуу" Европага түз каттамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишеничин билдирди.


Кыргызстан “Airbus” компаниясы менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экенин айтты. Өлкөдө авиация тармагын өнүктүрүү аракети жүрүп жатканын, бир катар долбоорлор ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен эки учак сатылып алынганын белгиледи.



Ошондой эле “Асман Эйрлайнс” улуттук авиакомпаниясын келечегине өзгөчө көңүл буруп, авиапаркты жаңылоого жана заманбап технологияларды киргизүү максаты менен бөлүштү. Ал кызматташуунун биринчи фазасында эки Airbus учагын (A320 же A321 үлгүлөрү) лизингге алуу пландары тууралуу айтып берди, алар Европага, анын ичинде Бишкек-Париж, Бишкек-Берлин жана Бишкек-Лондон багыттары боюнча каттамдарды аткаруу үчүн колдонулмакчы.



Эгер эксплуатация ийгиликтүү болсо, экинчи фазада “Airbus” менен биргеликте авиапаркты андан ары кеңейтүүнү көздөп жатканын айтты.



Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров Йохан Пелиссьени жакынкы арада Кыргызстанга келип, өлкөнүн авиация тармагынын өкүлдөрү менен диалогду улантууга чакырды.


Кыргызстандык авиакомпаниялар "Эл аралык нормаларга дал келбейт" деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек.


Мурдараак Кыргызстандын авиа компанияларын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги биримдиктин департаменти менен жолугушууларды өткөрүп жатканы кабарланган. (ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus