Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мамбет Мамакеевдин сөөгү “Ата-Бейиттеги” “Баатырлар аллеясында” жерге берилди

26-ноябрда медицина илимдеринин доктору, академик Мамбет Мамакеевдин сөөгү Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексине танапташ жайгашкан Эл баатыры наамын алгандар коюлчу атайын аллеяга жерге берилди. Бул аллея жаңыдан гана негизделди.


Мамакеев менен коштошуу зыйнаты Улуттук хирургия борборунда өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, медицина кызматкерлери менен маркумдун жакындары катышты.


“Ата-Бейит” - КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү. “Эл душманы” жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген “Ата Бейит” көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын эгемендигин жарыялаган.




Улуттук тарыхый мемориалдык комплекс Бишкектен 30 чакырым жерде Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан. Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, 2010-жылдагы ыңкылапта курман болгондордун сөөгү да “Ата-Бейитте” жерге берилген.


Мамбет Мамакеев 24-ноябрда 98 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Белгилүү хирург, коомдук ишмер Мамакеев 2020-жылы дүйнөдө өз кесибинде эң узак иштеген адис катары рекорд коюп, Гиннестин рекорддор китебинин дипломун алган. 2020-жылдын 29-февралындагы эсеп боюнча анын хирургдук карьерасы 67 жыл 181 күндү түзгөн.


Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Иш тажрыйбасында 30 миңдей операция жасаган.


Мамакеевдин аты Кыргызстандын Улуттук хирургия борборуна берилген. Ага 2004-жылы “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылган. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus