Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сербияда бекеттеги кырсыктан кийин тутанган нааразылык акциялары уланууда

Сербияда темир жол станциясынын чатырынын бир бөлүгү урап, адам өлүмүнө алып келген кырсыктан кийинки коомдук нааразылык уланууда. "Азаттыктын" балкан кызматынын маалыматына караганда, 26-ноябрда борбор калаа Белграддагы Драмалык искусство факультети деп аталган окуу жайдын студенттери кире беришти тороп, үч күн мурдагы нааразылык акциясы учурунда болгон окуянын чоо-жайын калыс териштирүүнү талап кылышты.


22-ноябрда аталган институттун студенттери кырсыктын курмандыктары эскерилген акция уюштурганда кээ бир жерлерде машина кыймылына тоскоолдук жаралгандыктан, айрым айдоочулар нааразылыгын билдирип, ортодо чыр чыккан. Студенттердин бири ооруканага түшкөн.




25-ноябрда серб парламентинде бийликтеги партия менен оппозиция ортосунда мушташ чыккан. Оппозиционер депутаттар отурум учурунда "Колуңарда кан" деген жазуу менен чыгышкан. Муну менен алар вокзалдагы окуя үчүн бийлик күнөөлүү экенин билдиришкен, жоопкерчилик маселесин талкуулоону талап кылышкан.


Бийликчил депутаттар өлкөдөгү нааразылык акцияларын оппозиция сырттан каржылоо алып, жалпы тынчтыкты бузуу үчүн атайын уюштуруп жатканын айтышкан.


Быйыл 1-ноябрда борбор калаа Белграддан 70 чакырым аралыкта жайгашкан Нови-Сад шаарында станциянын кире беришиндеги бетондон жасалган чатыр тосмо урап, кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылган, дагы эки киши оор жараат алган. 1964-жылы курулган станцияда андан мурдараак оңдоп-түзөө иштери жүргөн. Бул ишти кытайлык China Railway International жана China Communications Construction, франциялык Egis жана венгриялык Utiber компаниялары биргелешип аткарышкан.


Курулуш тармагындагы коррупция болбосо мындай кырсык жаралмак эместигин айткан жарандар бир нече жолу нааразылык акциясын уюштуруп, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышкан. Айрым жерлерде акция зомбулук менен коштолгон.


Кырсыкка байланыштуу жалпысынан 11 киши камакка алынганын 21-ноябрда Сербиянын прокуратура мекемеси билдирген. Кармалгандар арасында мурдагы курулуш, транспорт жана инфраструктура министри Горан Весич жана темир жол тармагынын ишине жооптуу мурдагы жетекчи Елена Танаскович бар экени кабарланган. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus