Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Майыптардын социалдык стационарында шарт жоктугу сынга алынды

Кадамжай районундагы психикалык жактан майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесинде жылуулук жок экенин Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор 26-ноябрда маалымдады.



Мекеме "Азаттыкка" жиберген маалыматка караганда, кызматкерлер 21-ноябрда сөз болгон жайга барган учурда бир катар укук бузууларды аныкташкан.



"Майыптыгы бар адамдар үчүн стационардык мекеме жылытылбайт, коридордогу абанын температурасы болгону +5 градус, ал эми уктоочу бөлмөлөрдө +11,+13 градус гана. Андагы майыптыгы бар адамдар жылуу кийимин чечпей, баш кийимчен жүрүшөт. Санитардык-эпидемиологиялык талаптар боюнча стационардагы температура кышында +18, +24 градус болууга тийиш. Төшөнчүлөр өтө начар абалда, санитардык талаптарга жооп бербейт", - деп белгиленген маалыматта.



Кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкерлери стационардык мекемеде жаткан майыптыгы бар адамдарга берилүүчү тамактын сапаты да жакшы эмес экенин белгилешкен. Маалыматта айтылгандай, ашкананын кызматкерлери кампадан 20 кг эт алышканын, бирок тамакка болгону 8 кг колдонулганын, калганы кайда экенин билбей турганын айтышкан.



Жыйынтыгында укук коргоочулар акт түзүп, тиешелүү тараптарга жиберишкен.



Кыйноолордун алдын алуу борбору 2023-жылы Кадамжай районундагы психикалык жактан майыптыгы бар адамдар кармалуучу стационардык мекемени "күз-кыш мезгилдеринде жылытылбайт, шарты жок" деп сындаган. Анда майыптыгы бар адамдарга күнүнө бөлүнгөн 400 грамм наны берилбесин, буга жооптуу жетекчилер "кызматынан алынды" деп айтылганы менен, алигүнчө иштеп жатканын билдирген.



Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аталган борбордун сынына жооп кылып, мекеменин имараты эскилиги жеткенин, жылуулук системасы бир да жолу жасалбаганын, мындай мекемелердеги майыптыгы бар адамдардын тамагына жаңы жылдан тарта күн сайын 200 сом бөлүнөрүн, тамактануусу жакшырганын 23-майда маалымдаган.

Октябрь айынын аягында Кыйноолорго каршы улуттук борбор Жайыл районундагы психикалык жактан жабыркаган кыз-келиндер кармалуучу социалдык-стационардык мекемеде адам укуктары одоно бузулуп жатканын билдирген. Бул маалыматтан кийин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги комиссия түзүлгөнүн жарыялаган, бирок азырынча жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жайыл районундагы социалдык-стационардык мекемедеги адам укугунун бузулушу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен кылмыш ишин козгогон.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus