Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Жаңы күч" партиясы Бишкек шаардык кеңешинде 17 мандат алат

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти. Мындай чечим БШКнын 26-ноябрдагы отурумунда кабыл алынды.



Протоколго ылайык, Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык мандаттардын көпчүлүк бөлүгүн "Жаңы күч" (17 мандат) жана "Эмгек" (12 мандат) партиялары алат.


"Адилет" партиясы менен "Ынтымак" партиясы 8 мандаттан, ал эми "Эл үмүтү" партиясы 6 мандат алат.



БШКнын жыйынында "Адилет" партиясынын бир талапкери каттоодон чыгарылганына байланыштуу айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары да жокко чыгарылганы айтылды.



17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин - 33 шаардык кеңештин жана 231 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болгон.


“Жаңы күч” партиясын шайлоого Бишкек шаардык кеңешинде буга чейинки чакырылышта төрагалык кылган Кубанычбек Конгантиев жетектеп барган. "Жаңы күчтүн" тизмесине мурда депутат болгондор, шаардын мурдагы жетекчилери, мамлекеттик кызматкерлер жана алардын балдары кирген.


Шайлоонун алдында, 13-ноябрда "Социал-демократтар" партиясынын Бишкектеги штабында тинтүү жүргүзүп, партиянын лидери Темирлан Султанбековду жана бир катар мүчөлөрүн кармап кеткен. Милиция аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Темирлан Султанбеков 14-ноябрдан бери тергөө абагында ачкачылык кармоодо.






Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus