Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Пакистанда полицияга коркунуч жараткан митингчилерге ок атууга уруксат берилди

Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Хандын абактан бошотулушун талап кылган миңдеген киши күч кызматкерлери менен кагылышканына карабай акциясын токтотуудан баш тартышты. "Машаал" радиосунун маалыматына караганда, борбор калаа Исламабадда коопсуздук чаралары дагы күчөтүлүп, аскерлер тартылды.


26-ноябрда эртең менен аскерлерге эгер демонстранттар коркунуч жаратса аларга каршы ок чыгарууга уруксат берилгени маалым болду. Себеби түнкү кагылышууда кеминде үч аскер кызматкери каза тапты, аларды машина сүзгөнү кабарланууда. Ондогон күч кызматкери жараат алды.




Исламабаддын кире бериштери 23-ноябрда жабылып, мобилдик Интернеттин иштөөсүндө көйгөй жаралган, митинг-пикет өткөрүүгө эки айга тыюу салынган. Хандын тарапкерлери буга карабастан акциясын улантууда, полиция буга чейин аларды токтотуу аракетинде көздөн жаш агызуучу газ жана желим ок колдонду.


Пакистанда оппозициянын нааразылыгы уланып жаткан шартта бул өлкөгө 25-ноябрдын кечинде Беларус президенти Александр Лукашенко үч күндүк сапар менен барды. Ал бир катар сүйлөшүүлөрдү жүрзүзүп, расмий иш-чараларга катышууда.


Өкмөттүн өкүлдөрү кабарлагандай, Хандын партиясы менен кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.


72 жаштагы Имран Хан “Адилеттик үчүн кыймыл” («Техрик-е Инсаф», PTI) партиясынын жетекчиси. Ал коррупцияга байланыштуу бир катар айып боюнча азыркы тапта жаза мөөнөтүн Исламабадда күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөөдө. Өзү жана тарапкерлери ага тагылган айыптарды бийликтин саясий максаттагы куугунтугу деп атап келишет. Хан Пакистан өкмөтүн 2018-2022-жылдары башкарган. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus