Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстандын абактарында терроризмге соттолгон 170 адам жаза өтөп жатат

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы Жаза аткаруу кызматынын жаза өтөө мекемелеринде терроризм жана экстремизм мүнөзүндөгү кылмыш иштери менен соттолгон 170 адам, жаза мөөнөтүн өтөп жатат. 


Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков жаза өтөөчү жайларда экстремизмдин пайда болушу жана жайылышынын алдын алуу, террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорду дерадикалдаштыруу маселелерин талкуулаган илимий-практикалык конференцияда билдирди.



Садыков жаза аткаруу мекемелеринде түзөтүү, тарбиялоо, эмгекке тартуу жана коом менен аралаштыруу максатында коңшу өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, 2024-жылы өлкөдө төрт социалдык реабилитациялоо жана адаптациялоо борбору түзүлдү.



"Борборлордо абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет, соттолгондор диний ырым-жырымдарды жасоого укуктуу. Жаза аткаруу кызматы жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын дин тутуу эркиндигин чектебейт”, - деди Садыков.



Бишкекте 25-ноябрда “Пенитенциардык мекемелерде экстремизмдин пайда болушу жана жайылышынын алдын алуу, террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорду дерадикалдаштыруу жана ресоциалдаштыруунун актуалдуу маселелери: эл аралык тажрыйба жана инновациялык мамилелер" деген аталышта аймактык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Анда абак жайларда терроризм жана экстремизм үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткандарды туура жолго салуу, түшүндүрүү, окутуу иштерин жүргүзүү, бул үчүн атайын адистерди пайдалануу, алардын кайра кылмышка аралашпашы үчүн шарт түзүү маселелери талкууланды.




Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тиешелүү тармактарынын адистери, илимий коомчулук катышты.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus