Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Баткендин тургуну Тажикстанга өтүп кеткен малын кайтара албай жатат

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Кара-Бак айылынын тургуну Эрали Төлөмүшов 26-ноябрда “Азаттыкка” кайрылып, ушул жылдын 12-октябрында үч ую талаада оттоп жүрүп, Тажикстан тарапка өтүп кетсе, аны кошуна өлкөнүн чек арачылары айдап кеткенин билдирди.


“Чек арада тосмо жок, ошол жакта оттоп жүрүп, арыктын аркы тарабына өткөн экен. Тажикстандын чек арачылары айдап кетти. Ушу күнгө чейин кайтарып бербей жатышат. Айыл өкмөткө, райондук бийликке кайрылдык. Натыйжа болбоду. Өз алдыбызча сүйлөшсөк, "акча төлөсөңөр чыгарып беребиз" деп жатышат. Биз өз малыбыз үчүн акча төлөп алууга чамабыз жок. Эми айлабыз калбай облус жетекчисине кайрылып, жардам берүүсүн суранып жатабыз”, - дейт Эрали Төлөмүшов.




Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн “Азаттык” радиосуна бул кайрылуу катталганын билдиришти.


“Учурда кошуна Тажикстандын укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөр, териштирүүлөр болуп жатат”, - деп айтылат маалыматта.


Баткен облустук милициясы бул окуя боюнча эч ким арыз менен кайрылбаганын билдирди. Буга чейин ушул эле айылдан Тажикстандын чек арасына өтүп кеткен 15 уй жана 16 кой Кыргызстандагы ээлерине кайтарылганын маалымдады.


Тажикстандын Чек ара кызматы маалымат бере элек.


Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын 2021-жылдын апрель-май айындагы куралдуу жаңжалдан кийин “чек аралар такталганга чейин” деген жүйө менен бир тараптуу жапкан. Кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен аткезчилик жол менен дары-дармек, мал-жандык жана накталай акча ташыгандар кармалып турат. (JsA)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus