Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мыйзам долбоору: Жалган жалаа үчүн салына турган айып азайтылды

Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 26-ноябрдагы жыйынында белгилүү болду.


Комитеттин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков жалган маалымат тараткан адамдарга салына турган айып пул 20 миң сомго, андай маалыматты чыгарган медиаларга айып 65 миң сомго төмөндөтүлгөнүн айтты. Маалыматты юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков ырастады. Мыйзам долбоорун тармактык комитет 2-окууда кабыл алып, парламенттин кароосуна жөнөттү.


Документтин баштапкы вариантында кайсы бир адамдын арызы боюнча айып пул салуу же салбоону Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чече турганы жазылган. Ошондой эле жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, юридикалык жактар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилери белгиленген.




Экинчи окууда эми мыйзам долбоору кабыл алынса аны аткаруу Ички иштер министрлигине (ИИМ) жүктөлөрү белгилүү болду. ИИМ түшкөн арыз боюнча протокол түзүп, сотко жиберет.


Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 23-октябрдагы отурумунда 1-окуудан кабыл алган. Эми өзгөртүү киргизилген вариантын 2-окууда карайт.


Буга чейин Кыргызстандагы ондон ашуун маалымат каражаты Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, интернет менен ЖМКда жалаа жана мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүү сунушун берген.


Жарандык коомдун өкүлдөрү, эркин медиалар жана бир катар эл аралык уюмдар мыйзам долбоору кабыл алынса өлкөдө пикирин ачык айткандарды жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршы экенин билдиришүүдө. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus