Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Издөөгө алынган мурдагы милиция кызматкери Абдисатар уулу ИИМге өзү барганын айтты

Ички иштер министрлиги (ИИМ) издөө жарыялаган Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулу министрликке өзү барганын билдирди. Анын 26-ноябрда тартылган делген видео кайрылуусу жарыяланды.


“Мен эч кандай издөөдө эмесмин. Мага издөө жарыялашканын бүгүн угуп эле ИИМге өзүм келдим. Министр Улан Омокановичке жолугайын деп келдим. Мен качкан жокмун. Чындыкты күтөбүз”, - деди ал.


Ички иштер министрлиги (ИИМ) Тимур Абдисатар уулуна издөө жарыяланганын 25-ноябрда кабарлаган. Министрлик анын акыркы видео кайрылуусу боюнча комментарий бере элек.


20-ноябрда социалдык тармактарда Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен Тимур Абдисатар уулуна окшош адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканын көрүүгө болот.




Бул тасмага байланыштуу Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери (М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т.) жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы (М.Н) кармалып, 20-январга чейин камакка алынды. Милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып тагылууда. Тергөө иштери уланып жатат.


Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.


Сөз болуп жаткан видео Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Тимур Абдисатар уулу жана Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын ошол учурдагы жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкандан кийин чыккан.


Кийин Тимур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулуп, Талгат Өскөналиев кызматынан төмөндөтүү менен жумуштан алынган. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus