Токио жана Париж Олимпиадаларынын байге ээси, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелесте (АКШ) өтө турган Олимпиадага бара турганын билдирди. Бул тууралуу балбан кыз УТРК спорт – Кыргызстан каналындагы маегинде айтты.
“Спорттук карьерамда бир эле медал – Олимпиаданын алтыны гана жок. Калган байгенин баары бар. Ар бир спортчунун Олимпиададан жеңиш менен кайтуу кыялы бар. Чемпион болгондогу сезим башка. Аны эч нерсе менен салыштыра албайсың. Сен кайра-кайра ошол жеңишти сезиш үчүн кайра күрөшкүң келет”, – деди ал.
31 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына төрт жолу катышкан. Токио Олимпиадасында күмүш утса, быйыл Парижде өткөн Олимпиада оюндарында коло медал алган. 2012-жылы Лондон Олимпидасында 13-орунду, Рио-де-Жанейро Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.
Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) аны кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапкан.
Ал быйыл октябрь айында Кыргызстандын күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланган. (BTo)