Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Исламабадда жолдор буулуп, интернет жарым-жартылай өчүрүлдү

Жекшемби күнү Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хандын тарапташтары митинг өткөрөт деген кабарлардан улам бийлик баш калаа Исламабадда жолдорду бууп, мобилдик байланышты жана интернетти жарым-жартылай үзгүлтүккө учуратты.



Күч органдары Исламабадга митингчилер кириши мүмкүн деген чоң жолдорду тосуп, автоунаа кыймылын да чектеди. Шаардын ичиндеги негизги жолдорго контейнерлер орнотулуп, коопсуздук кызматкерлеринин жоон тобу ишке тартылды. Исламабаддын полициясы бардык жыйналыштарга тыюу салынганын эскертти.



Мындай чектөөлөрдөн улам Пакистандын баш калаасында жекшембиге белгиленген ири митинг өткөрүлбөй калганы кабарланды.



Пакистандын өкмөтү баш калаанын "коопсуздук маселеси" жаралган айрым райондорунда интернет өчүрүлө турганын, өлкөнүн калган аймактарында байланыш үзгүлтүккө учурабай турганын 23-ноябрда билдирген. Расмий маалыматта мындай чектөө качан алынары айтылган эмес.



Буга чейин Имран Хандын өнөктөштөрү өз тарапкерлерин Исламабаддын өкмөттүк имараттары жана элчиликтер жайгашкан районуна митингге чыгууга, мурдагы премьер-министрге тилектештик көрсөтүүгө чакырышкан.



Имран Хан былтыр август айында камалган. Ага коррупция, зомбулукту козутуу сыяктуу 150дөн ашык кылмыш иши ачылган. Мурдагы премьер-министр жана анын "Техрик-е Инсаф" партиясы бул айыптарды саясий куугунтук катары сыпаттап келишет.



Өткөн айда бул партиянын Исламабаддагы митинги кагылышуу менен коштолуп, андан бир полиция кызматкери мерт болгон жана ондогон коопсуздук кызматкерлери жаракат алып, бир канча митингчи камалган. Эки тарап тең бири-бирин зомбулукту козутту деп айыпташкан.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus