Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Пакистан Куррамдагы диний топтордун кагылышуусу убактылуу токтогонун билдирди

Пакистандын өкмөтү Хайбер-Пахтунхва провинциясына жөнөтүлгөн чабармандары шийи жана сунни топторунун ортосундагы үч күндөн бери уланып жаткан кандуу чабуулдарды убактылуу токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенин билдирди.


Аталган провинциянын маалымат министри Мохаммад Али Саиф 24-ноябрда журналисттерге айткандай, провинциянын Куррам районундагы шийи жана сунни мусулмандарынын лидерлери кагылышууларды жети күнгө токтото турууга макул болушту. Бул мөөнөт ичинде эки тарапты элдештирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрө турганы кабарланды.  


Пакистандын түндүк-батышындагы бул райондо үч күндөн берки кандуу кагылышуулардан 80ден ашуун адам өлдү. Дагы 150дөй киши жаракат алды.


Буга 21-ноябрда шийилер бараткан автоунаага белгисиз куралчан адамдар ок атып, андан кеминде 38 кишинин каза тапканы себеп болгон. Бул чабуул жана райондогу удаалаш кандуу кагылышуулар үчүн эч бир топ жоопкерчиликти ала элек.


Полициянын маалыматына ылайык, үч күн ичинде куралчан адамдар үйлөрдү, дүкөндөрдү жана өкмөттүк имараттары өрттөгөн учурлар болду. Кризисти жөнгө салуу үчүн өкмөттүк делегация аймакка барган.


Reuters жаңылыктар агенттиги жазгандай, Пакистандын Ооганстан менен чек арасына жакын жайгашкан Куррам районунда суннилер менен шийилердин ортосунда мындай араздашуулар жер талаш сыяктуу маселелерден улам утур-утур катталып келет.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus