Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израилдин Бейруттагы аба соккуларынан кеминде 20 киши өлдү

Ливандын баш калаасы Бейрутта Израил армиясынын бир күн мурдагы аба соккуларынан кеминде 20 кишинин өмүрү кыйылды. Алтымыштан ашуун адам жаракат алганын Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.



Соңку бир жумага жетпеген убакыт ичинде Ливандын баш калаасына кеминде төртүнчү жолу сокку урулуп жатат. Израил өкмөтү мындай чабуулдар "Хезболла" жоочулар тобун бутага аларын билдирип жүрөт.



“Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.




Бейруттагы соккулар Израил менен “Хезболланын” ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер уланып жаткан учурга туш келди. Бул аптада АКШнын чабарманы Амос Хохштейн регионго келип, бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөргөн болчу.



Ливан өкмөтүнүн маалыматына ылайык, 2023-жылдын октябрында Газада согуш башталгандан бери Израилдин соккуларынан Ливанда баш-аягы 3500 адамдын өмүрү кыйылды. Ливандын Израил менен чек аралаш аймактарынан 1,2 миллиондой адам жер которууга аргасыз болду. Израил Ливан менен чектеш райондорундагы жоочулардын чабуулдары 90дай аскеринин жана 50гө чукул жайкын тургундун өмүрүн алганын маалымдаган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus