Медицина илимдеринин доктору, академик Мамбет Мамакеев 24-ноябрда 97 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маалыматты анын кесиптештери ырасташты.
Белгилүү хирург, коомдук ишмер Мамбет Мамакеев 2020-жылы дүйнөдө өз кесиби менен эң узак иштеген адис катары рекорд коюп, Гиннестин рекорддор китебинин дипломун алган. 2020-жылдын 29-февралындагы эсеп боюнча анын хирургдук карьерасы 67 жыл 181 күндү түзгөн.
Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Иш тажрыйбасында 30 миңдей операция жасаган.
Мамбет Мамакеевдин аты Кыргызстандын Улуттук хирургия борборуна берилген.
Ага 2004-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылган.
СССРдин Жогорку Кеңешинин экинчи жана төртүнчү чакырылыштарынын депутаты болгон.
Кыргызстандын Хирургиялык коомдор ассоциациясынын президенти. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу ыкмаларына багытталган. (ZKo)