Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иликтөө: Тимур Кулибаев Батыш компанияларынан жүздөгөн миллион доллар алып турган

Миллиардер Тимур Кулибаевге байланыштуу компаниялар Казакстанда мунай өндүргөн Батыш компанияларынан жүздөгөн миллион доллар алып турган. Мындай маалымат Эл аралык журналист-иликтөөчүлөрдүн консорциумунун (ICIJ) иликтөөсүндө айтылат.


22-ноябрда уюмдун сайтында жарыяланган материалда Кулибаевдин Сингапурдагы Steppe Capital фирмасы көзөмөл кылган “КазСтройСервис” компаниясы 2011-жылы Каспий куур консорциуму (акционерлер арасында америкалык Chevron жана Exxon бар) менен насостук станцияларды куруу келишимин түзгөнү жазылган. Долбоордун баасы 276 млн долларга бааланган. Бирок, кийин ал сумма дээрлик жарым миллионго чейин өскөн жана курулуш иштери пландалгандан төрт жылга кеч бүткөн.


Кулибаевдин юристтери иликтөөчүлөргө берген комментарийинде ишкер “КазСтройСервисти” башкарууга жана келишимди талкуулоого катышпаганын билдиришкен.


“Ал эч качан өз ишканаларын жаап-жашырууга же алардан мыйзамсыз пайда көрүүгө аракет кылган эмес”, - деп билдирген Кулибаевдин кызыкчылыгын коргогон Schillings юридикалык фирмасы.


Каспий куур консорциуму 2012-жылы мунай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү ниети менен ээси Кулибаев менен байланышта болгон “ТенизСервис” компаниясына кайрылган. Иликтөөдө “компаниянын кызматкерлери өкмөт менен “жакшы мамиледе” экенин колдонуп уруксат берүү процедураларын тездетүү планын беришкени баяндалат. Тийиштүү лицензия менен уруксат кагаздарын алып бергени үчүн “ТенизСервис” фирмасына башында келишилген суммадан тышкары 800 млн доллар кошуп төлөп беришкен. Тенгиз кенин иштеткен “Тенгизшевройл” компаниясы документте “жергиликтүү бийликтен уруксат алуу үчүн комиссия” деген айрым төлөмдөрдү төлөгөн. Долбоордун соңунда “Тенгизшевройл” 2,5 млрд доллар турган бүт инфратүзүмдү “ТенизСервистин” башкаруусуна өткөрүп берген.


Тимур Кулибаев Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динара Кулибаеванын күйөөсү. Forbes журналынын баалоосу боюнча, анын байлыгы 5 млрд доллардан ашат. Иликтөөчүлөр Улуу Британияда, Германияда, Чехияда жана Испанияда кыймылсыз мүлктөргө, Sonny II деген яхтага, эки жеке учакка ээлик кыларын жазышкан.  Кулибаев анын жарандык никедеги жубайы катары таанылып, ага эки уул төрөп берген Гога Ашкеназиге катталган активи жүздөгөн миллион долларлык компаниянын негиздөөчүлөрүнүн да бири. (KbA)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus