Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Лукашенко шайлоодо нааразылык чыкса Интернетти таптакыр өчүртүп саларын айтты

Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко келерки жылы өтө турган президенттик шайлоо учурунда же андан кийин жарандар жапырт нааразылык акцияларын уюштура турган болсо Интернетти өчүрүп саларын айтып коркутту.


22-ноябрда Минск мамлекеттик лингвистика университетинин студенттери менен жолугушууда ал буга чейинки шайлоодон кийинки акциялар учурунда да Интернеттин иштөөсүнө бөгөт коюлганын айтты:


"Эгер ошондой кайталана турган болсо биз таптакыр өчүрүп салабыз. Өлкөбүздүн тагдыры чечилип жаткан чакта мен силер кат жөнөтүп жибербесеңер экен деп сыйынып, тынч отура берем деп ойлоп жатасыңарбы?".




Лукашенко 2020-жылдагы окуялар учурунда да Интернетти анын макулдугу менен өчүрүшкөнүн айтып, бул "өлкөнү коргоо" чарасы болгонун билдирди.


Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Лукашенко 2020-жылдын 9-августунда өткөн шайлоого да катышып, президент болуп алтынчы жолу жарыяланган.


Бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү азыр абакта отурушат. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен.


Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.


Келерки президенттик шайлоо 26-январда өткөнү жатат. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus