Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы өгөй атасы уурдап кетип, өлтүргөн 17 жаштагы Дарья Попованын кылмыш иши прокуратуранын көзөмөлүндө экенин билдирди.
Башкы көзөмөл органы тергөөчүлөр жетиштүү далилдерди чогултуу үчүн ыкчам чараларды жана тергөө аракеттерин жүргүзүп, бир катар маанилүү экспертизаларды дайындашканы айтылды.
Бишкектеги №6 мектеп-гимназиясынын 11-классында окуган Дарья Попова 30-октябрда сабакка бараткан жолдо жоголуп, кечинде сөөгү Бишкектин четинен табылган. Ал бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу.
Бул факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” жана “Адам өлтүрүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Дарья Попованын өгөй атасы Евгений аттуу адам 30-октябрда Ысык-Көл облусунан шектүү катары кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Ал өзүнө кол салганга аракет кылганы кабарланган.
Башкы прокуратуранын 2023-жылдагы расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган. Мунун 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220сы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган. (BTo)