Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иран МАГАТЭ резолюциясына жооп катары жаңы чечимин жарыялады

Иран Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өзөктүк көзөмөл мекемесинин начар кызматташтык тууралуу сынынан кийин билдирүү жарыялап, бир катар "жаңы жана өркүндөтүлгөн" центрифугаларды орното баштай турганын жарыялады.  


БУУнун Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гроссинин Иранга сапарынан кийин кабыл алган резолюциясында Тегеран "өзүнүн юридикалык милдеттенмелерин аткаруу үчүн тез арада аракет көрүшү зарылдыгы" тууралуу жазганы кабарланган. Иран бийлигин сындаган резолюция быйыл июнь айында да кабыл алынган.




Ирандын Тышкы иштер министрлигинин жана Атомдук энергия уюмунун биргелешкен билдирүүсүндө өзөктүк мекеменин башчысы Мохаммад Эслами "натыйжалуу чара көрүү, анын ичинде түрдүү типтеги жаңы жана өркүндөтүлгөн центрифугалардын олуттуу сериясын ишке киргизүү" тууралуу буйрук бергени айтылды.


АКШда бийликке кайрадан Дональд Трамп келе жатышы менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча дипломатиялык мүмкүнчүлүктөр азайышы ыктымал деген кооптонуу жаралып жаткан чакта МАГАТЭ башчысы Тегеранга 13-ноябрда барып, бир катар жолугушуларды өткөргөн жана программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө "конкреттүү, сезилерлик жана көрүнөлүк жыйынтыкка" жетишүүгө чакырган.


МАГАТЭ 21-ноябрдагы резолюциясында Иранды өзөктүк эмес деп жарыялаган эки объектисинде урандын изи табылган окуяга байланыштуу жүрүп жаткан иликтөө менен кызматташууга чакырды. Уюмдун 35 мүчөсүнүн 19у аны колдоп добуш берди. Орусия, Кытай, Буркина-Фасо каршы чыкты. Документте Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгү тууралуу толук баяндама келерки жылдын жазына чейин даяр болушу керектиги белгиленди.


Гросси менен соңку жолугушуусунда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи МАГАТЭ менен кызматташтык "кайрат жана ак ниеттүүлүк" негизинде улана берерин убада кылып, Тегерандын өзөктүк программасы тынчтык гана максатын көздөй турганын кайталаган. Ошону менен катар Ирандын башкы дипломаты сүйлөшүүлөрдө "басым жасалбашы керектигин" белгилеген.


Батыш Иран өзүнүн өзөктүк программасын куралдануу үчүн өнүктүрүүдө деп эсептейт.


Тегерандын дүйнөдөгү ири алты держава (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ жана Германия) менен өзөктүк сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталган. 2015-жылы ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, Иран программасын чектемек, ага жооп катары АКШ Тегерандан экономикалык санкциялардын көбүн алып салмак.


2018-жылы АКШ ошол кездеги президенти Дональд Трамптын демилгеси боюнча аталган келишимден чыгып кеткен, аны кайра калыбына келтирүү аракетинен жыйынтык чыга элек. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus