Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК мурдагы элчи Аманбаев 250 миң доллар пара алган делген маалымат такталбаганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бактыбек Аманбаев “атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атына жамынып 250 миң доллар пара алган” деген маалымат такталбаганын билдирди.


УКМКнын басма сөз кызматы 22-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, мурдагы элчиге Б.А. аттуу адамдын арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Арыз жазган адам Бактыбек Аманбаев анын камактагы тууганынын маселесин Камчыбек Ташиев аркылуу оң жагына чечип берүү убадасын берип, каражат талап кылганын айткан.


Тергөөдө Б.А. аттуу адамдын камактагы тууганы менен Бактыбек Аманбаевдин ортосунда карыздык милдеттенмелер бар экени такталганы, Бактыбек Аманбаев арыз жазган адамга 250 миң доллар карызын кайтарып бергени айтылды.




Б.А. Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчисине тосмо арыз жазган. УКМК Бактыбек Аманбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок экенин кошумчалады.


УКМК арыз жазган Б.А. боюнча атайылап жалган маалымат берүү фактысы менен материалдар бөлүнүп алып текшерилип жатканын, жыйынтыгында анын аракетине юридикалык баа берилерин кабарлады.


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрда айрым медиа каражаттарынын журналисттери үчүн уюштурган маалымат жыйында “Бир чоң саясатчы, кечээ эле бир чоң мамлекетте элчи болгон адам менин атымды сатып, 250 миң доллар пара алып койгон экен. Мен бүгүн эртең менен аны камоого тапшырма бердим. Анын үстүнөн арыз, акчаны кантип алганын көрсөткөн материалдар, сүрөттөр келип түштү. Андыктан аны камакка алабыз. Ал бир кезде менин партиямда, мени менен жүрчү. Мен эч кимди аябайм. Ким болбосун”, - деген.


Бактыбек Аманбаев 2021-жылы Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына дайындалып, 2024-жылдын октябрь айында жумуштан алынган. Ал акыркы окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus