Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Асыл-Таш" пансионаты мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иштеринин алкагында Ысык-Көлдөгү "Асыл-Таш" пансионаты 13,33 гектар жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылганын билдирди.



Мекеменин басма сөз кызматы бул тууралуу 22-ноябрда маалымдап, пансионатты Равшан Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы болуп турганда алганын маалымдады.



"Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы болуп турганда 2002-жылы Маммүлкком фонду тарабынан 13,33 га участокту жана "Асыл-Таш" пансионатынын мүлктүк комплексин аффилирленген жактардын пайдасына 12 млн 703 миң сомго төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатуу үчүн буйрук чыгаргандыгы аныкталган. Ошол эле учурда аталган комплекс Равшан Жээнбековдун жакын адамдарына таандык болгон", - деп билдирди атайын кызмат.



УКМК мындан тышкары учурда "Асыл-Таш" пансионатына жанаша жайгашкан жана мурда анын балансында болуп, мыйзамсыз менчиктештирилген башка жер тилкелерин да мамлекетке кайтаруу аракети жүрүп жатканын кошумчалады.



Азыркы бийликке оппозицияда турган саясатчы Равшан Жээнбеков "Асыл-Таш" пансионаты тууралуу УКМКнын маалыматына комментарий берип, пансионат 12 жылдан бери камакта турганын, азырынча сот жараяны аягына чыга электигин "Азаттыкка" билдирди:


"2012-жылы Атамбаев президент кезинде мен оппозиция болгонум үчүн пансионатты камакка алышкан. Азырынча сот жараяны жүрүп жатат. Эгер сот бүтүп, сот чечим чыгара турган болсо, мен ага баш ийүүгө аргасыз болом. Мен тараптан болчу аракеттин баары соттун негизинде болот", -деди саясатчы.


Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камалып чыккан отуздай адамдын бири.


УКМК буга чейин Равшан Жээнбековго таандык делген Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгиндеги жалпы аянты 4 гектар "Эдельвейс-Тур" эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылганын кабарлаган.


Коопсуздук кызматы Равшан Жээнбековдун карындашы, мурдагы судья Мира Жээнбекованы мыйзамсыз баюуга шек санап, "коррупция" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат ал мыйзамдуу киреше булагы жок болсо дагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөр жана бир катар коммерциялык объектилерге ээ экенин кабарлаган. Анда 74 кымбат баалуу батири, 19 соода жайы, 10 автоунаа токтотуучу жайы, Бишкекте ыңгайлуу аянттардагы жер тилкелери аныкталганын маалымдаган. Жээнбекова аталган айыптарды толук четке каккан.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus