Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Аялдардын ден соолугу бекер текшерилип, кан басымы жогорулар көп экени аныкталды

Кыргызстандын шаар-кыштактарында жашаган 760 миңден ашуун аял октябрь айында "Айымдардын ден соолугу" деген республикалык бир айлык алкагында ден соолугун бекер текшерте алды. Бул тууралуу 21-ноябрда "Азаттыкка" Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.


Бул медициналык мекемелерде каттоодо турган аялдардын жалпы санынын жарымы экени, мындай колдоо Швейцария өкмөтүнүн "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана натыйжалуу башкаруу" долбоору алкагында көрсөтүлгөнү кабарланды.


Текшерүүнүн жыйынтыгында 45 миң аял кан басымы жогору абалда жүргөнү, 10 миңинде жүрөк-кан тамыр оорусу, дээрлик 6 миңинде кант диабети пайда болушу ыктымал деген коркунуч жогору экени аныкталды. Репродукция органдарында рак оорусу болушу мүмкүн деген 850 аялга тийиштүү дарыгерлерге жолдомо берилди.


Ушундай эле текшерүү бир жыл мурда да уюштурулган, ага 430 миң аял катышкан. 




Дарыгерлер жугуштуу эмес оорулардын көбүнүн өрчүп кетпешине жол бербөөдө профилактикалык текшерилүү маанилүү ролду ойной турганын белгилешет.


Швейцариянын бул долбоорунун максаты болуп баштапкы сапаттуу медициналык-санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, дени сак жашоо образын жайылтуу эсептелет. Ал буга чейин Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында ишке ашырылып келди, эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары, Бишкек жана Ош шаарлары кошулду. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus