Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Эл аралык кылмыш соту Нетаньяхуну, Галантты жана ХАМАС командирин кармоого ордер чыгарды

Эл аралык кылмыш соту бүгүн 21-ноябрда ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) аскердик командири Мохаммед Дейфти, ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого ордер чыгарды.


Бул тууралуу аталган сот мекемесинин 21-ноябрдагы билдирүүсүндө айтылды.


Үчөө тең ХАМАСтын былтыркы кол салуусуна жана Израилдин ошондон кийинки аскердик кийлигишүүсүнө байланыштуу адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмышы үчүн айыпталууда.




Быйыл май айында Эл аралык кылмыш соту Нетаньяхуну, Галантты жана ХАМАС тобунун ошол кездеги саясий лидери Исмаил Ханияны, топтун аскердик бөлүгүнүн командачысы Мохаммед Дейфти жана Газа секторундагы бөлүгүнүн ошол кездеги башчысы Яхья Синварды камакка алууга ордер берүү маселесин карай турганы кабарланган. Соттун расмий сайтындагы 20-майдагы маалыматка караганда, аларды кармоону соттун прокурору Карим Хан талап кылган.


Израил бул соттун юрисдикциясын тааныбай турганын билдирген. Сот аны таануу зарылчылыгы жок экенин маалымдаган.


Израил Ханияны 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда, Дейфти 13-июлда Газада жана Синварды 16-октябрда Газада жок кылганын жарыялаган.


Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон. Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Ошондон бери Газада каза болгондор 43 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus