Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Салык кызматы курулуш компанияларынын салыгын көбөйтүүнү сунуштоодо

Мамлекеттик салык кызматы курулуш компанияларына кошумча нарк салыгын кайрадан киргизүүнү Жогорку Кеңешке сунуштады. Анда курган батирин чарчы метрин 1000 доллардан кымбат сатпаган гана курулуш компанияларын кошумча нарк салыгынан (НДС) бошотуу каралган. Бул тууралуу салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 1-радиого курган маегинде билдирди.



Ал курулуш компаниялары кошумча нарк салыгынан батирлердин баасын арзандатсын деген максатта бошотулганын, бирок иш жүзүндө андай болбогондуктан, кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттендирүү керек деп эсептейт.



"Булар көп батирлүү, 12-14 кабат үйлөрдү куруп, салык төлөшпөйт. Сатып жаткан батирлердин чарчы метри 1,5 миң доллардан 3 миң долларга чейин сатылууда. Батирдин чарчы метрине болсо 500-600 доллардан гана сарпташат. Неге салык албашыбыз керек? Курулуштан дээрлик эки эсе пайда көрүп жаткан соң, салыкты толук түрдө төлөөгө милдеттүү. Биз батиринин 1 чарчы метрин 1000 доллардан ашырбай саткан курулушчуларды кошумча нарк салыгынан бошотууга даярбыз", - деди Абдувапов.



Риэлторлордун маалыматында, ушул тапта Кыргызстанда курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдагы батирлердин бир чарчы метри (толук бүтпөгөн) жайгашкан жерине жана тибине жараша 850-900 доллардан 1500-2000 долларга чейин сатылууда. Айрым эксперттер Кыргызстандагы коммерциялык курулуш компаниялары өтө жогорку киреше менен иштеп жатканын, мындай компанияларга жалаң байлар, олигархтар гана ээлик кыларын белгилеп жүрүшөт.


Ошол эле учурда Бишкек шаарында жана Ош шаарында көп кабаттуу турак жайдан батир сатып алган бир топ жарандар курулуш бүтпөй, мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus