Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстан менен Евробиримдик адам укуктары маселесин талкуулады

21-ноябрда Бишкекте Кыргызстан менен Европа биримдигинин (ЕБ) адам укуктары боюнча диалогунун 14-раунду өттү. ЕБ делегациясын Европанын тышкы аракеттер кызматынын Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси Дитмар Крисслер мырза жетектеди.



Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) тараткан маалыматка ылайык, диалогдо адам укуктарынын негизги багыттары камтылган.



Иш-чарада кыргыз делегациясы өлкөдө бардык жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле бул багытта эл аралык кызматташтыкты чыңдоого чоң маани берилип жатканын билдирген.



Ошол эле учурда Европа делегациясынын жетекчиси Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун быйыл июнда Брюсселге жасаган сапары алкагында эки тараптын ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюлганын эскертти. Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерди аткаруу маселелерин өзгөчө баса көрсөттү. Ошондой эле өлкө жетекчилигин ВСП+ талаптарын сактоо боюнча милдеттенмелерди аткаруу зарылдыгын да белгиледи.



Диалогдун жүрүшүндө тараптар жаңы чакырыктар менен коркунучтарды, анын ичинде киберкоопсуздук жана жасалма интеллект сыяктуу маселелерди да талкуулашты.



Европа Биримдигинин (ЕБ) жалпы преференциялар системасынын (ВСП+) миссиясы Кыргызстанга апта башында келген.



Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү нүн маалыматына ылайык, миссия Бишкекке ВСП+ талаптарын сактоо боюнча кыргыз өкмөтү, жарандык коом жана башка өнөктөштөр менен диалог жүргүзүү үчүн келген.



Евробиримдик 2015-жылы Кыргызстанга ВСП+ - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат берген.




Бул системанын алкагында кыргыз ишкерлери 6,5 миңдей аталыштагы товарды Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмүсүз экспорттоого мүмкүнчүлүк алган. Бул экспортту көбөйтүүгө жана экономиканы чыңдоого кенен жол ачат деп айтылган маалыматта.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus