Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Баткен: 213 млн сомдук алдамчылыкка шектүүнүн иши сотко өттү

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттык” радиосуна билдиргендей 213 млн сомдон ашык алдамчылыкка шектүүнүн иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Облустук милициянын малыматында Баткен шаарынын 36 жаштагы тургуну сентябрь айында кармалган. Ал элдин ишеничине кирип, алдоо жолу менен акчаларын кайтарбай койгон 57 жабырлануучу аныкталып, 38 иш козголгон.


“Элди алдоо жолу менен ишеничтерине кирип, орус рублин жогорку баа менен сомго айландырып, көбөйтүп берем деп алган. Бул учур боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козголуп, шектүүнүн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүнө тосмо коюлду. Иш тергелип бүтүп сотко өткөрүлгөн”-деп айтылат облустук милициянын маалыматында.


Ушул жылдын жаз-жай айларында Баткен районунун тургуну элден орус рублин жогорку баа менен сомго айландырып, андан ары убакыт өткөн сайын үстөк да кошуп бермей болуп, эч кандай күбөлүк кагазсыз эле алганы айтылган. Мында 100 миң сомдон 8 млн сомго чейин акчаларын бергендер болгон. Сентябрь айында акчалар кайтарылбай убакыт өтө баштаганда жабырлануучулар милицияга кайрылып, шектүү кармалган.


Ири суммада алдамчылыкка шектелип кармалган жарандын жакындарынын бири “Азаттыка” окуя боюнча кабардар экенин, элден алган акчалары кайда кеткенин туугандары да билбестигин, шектүүнү камабастан чыгарып, бар мүлктөрүн сатып, акчаны элге кайтаруу жолун караштыруу зарылдыгын айтты.


Ички иштер министрлиги буга чейин ири туум менен акчаны көбөйтүп алуу жана башка убадаларга ишенип, шылуундар торуна түшүп калбоо боюнча жарандарга эскертүүлөрдү тараткан. (JsA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus