Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргыз прокуратурасы 100 жылдыгын белгилеп жатат

Бүгүн, 22-ноябрда кыргыз прокуратурасы 100 жылдык мааракесин бегилеп жатат.


Буга арналган салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты. Мамлекет башчы прокуратура органдарынын кызматкерлерин 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, алардын жоопкерчиликтүү, катаал иши мыйзам үстөмдүгүнүн кызыкчылыгына кызмат кыларын белгиледи.



Мамлекет башчы Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондон кийинки тарыхында да кыргыз прокуратасынын орду чоң болгонун айтты. Ошондой эле азыркы учурда коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө да эбегейсиз салым кошуп жатканын кошумчалады.



"Прокурорлордун натыйжалуу иштөөсү менен бюджеттен уурдалган миллиондор мамлекетке кайтарылууда. "Күч кайсы тарапта болгону маанилүү эмес, мыйзам кайсы тарапта экени маанилүү" деген сөз бекеринен айтылбайт. Сиздер карапайым жарандарын укуктарын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого, Кыргызстанда укук талаасынын бирдиктүүлүгүн камсыздоого жетишип, коррупцияга, кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөштү күчөтүүгө тийишсиздер", - деди президент.



Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин 1924-жылдын 22-ноябрында кыргыз прокуратура органы негизделген.


Кыргызстанда прокуратура органына мыйзамдын эмес, бийлик адамдарынын кызыкчылыгын көздөйт деген сындар дээрлик бардык бийликтин тушунда айтылып келет. 2010-жылкы Апрель окуясында көзөмөл органдарынын ишине нааразы болгон жаалданган топ Башкы прокуратуранын имаратын өрттөп жиберишкен. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus