Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ЖК оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу долбоорун 1-окууда колдоду

Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүү үчүн милдеттүү түрдө лицензия алуу жана оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 21-ноябрдагы жыйынында биринчи окууда кабыл алды. Документти Министрлер кабинети сунуштаган.


Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 1998-жылы кабыл алынган “Транспорт жөнүндө” мыйзамда жүргүнчү ташып такси кызматын көрсөткөндөр лицензия алышы керек деп көрсөтүлгөн. Бирок бул талап 2009-жылы алынып калган.


Ушундан улам алар патент менен иштеп келатат. 2018-жылы такси кызматын көрсөткөндөр 69 миңден ашык, 2019-жылы 59 миң, ал эми 2023-жылы 28 миң гана патент алган.


Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия үч жылдан аз эмес автоунаа айдагандарга берилет. Андан тышкары машиненин техникалык абалы жакшы болушу шарт. Жумушка чыгарда айдоочу медициналык кароодон өтүшү керек. Лицензиянын баасы 500 болот жана бир жылга берилет.




ИИМ андан тышкары оң рулдуу автоунаалар жол кырсыгына көп кабылып жаткандыктан мындай машинелерди такси катары айдоого тыюу салынарын билдирди. Депутат Дастан Бекешев бул сунушка каршы чыкты.


“Оң рулдуу машине айдагандар каражаттан кыйналып жатса эмне кылышы керек? Мыйзам күчүнө кирсе такси кызматын көрсөтө албай үй-бүлөсүнө акча алып бара албай калат да”, - деди ал.


Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы 910 оң рулдуу автоунаа катышкан жол кырсыгы катталып, 56 адам каза болуп, 1420 киши жаракат аган. Кыргызстанда 180 миңден ашык оң рулдуу автоунаа бар, анын канчасы такси кызматын көрсөтөрү боюнча маалымат жок.


Министрлер кабинети быйыл жыл башында да оң рулдуу автоунааларда такси кызматын көрсөтүүгө, жүк ташууга тыюу салган токтомду коомдук талкууга чыгарган. Өкмөттүн мындай демилгесине оң рулдуу автоунаанын ээлери нааразылыгын билдирип келет. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus