Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сот троллейбус зымдарын бузууну токтотууну чечим кылды

Бишкектин Административдик соту борбор калаадагы троллейбус зымдарын бузууну токтотуу чечимин кабыл алды. 21-ноябрда аталган сот экологиялык активисттердин Бишкек шаардык кеңешинин 29-августтагы токтомун жокко чыгаруу өтүнүчүн карап, аны канааттандырды.



Активисттер мэрия шаар кеңешинин чечими менен эле шаардын басымдуу жолдорунда троллейбус зымдары алынып, аларды электр кубаты менен камсыздаган подстанциялар да бузулуп калганын белгилешүүдө.



Бишкек шаардык мэриясы сот чечими боюнча комментарий бере элек.



Мэриясы калаадагы троллейбустарды электробустарга алмаштырып жатканы май айынын башында белгилүү болгон. Экологиялык активисттер мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынан расмий жообуна таянып, троллейбустарды байланыш түйүнү жана тарткыч көмөкчордондор менен бирге Ош, Токмок жана Кара-Балта шаарларына өткөрүү пландалып жатканын айтып чыгышкан.



#SaveBishkekTrolleybus кыймылы жана башка демилгелүү топтор буга каршы чыгып, коомдук транспорттун экологиялык түрүн сактап калууну талап кылышкан.



Мэрия июндун башында Байтик баатыр жана Ахунбаев баштаган көчөлөрүндө троллейбус зымдарын алган.



Бир катар көчөлөрдө каттап келген троллейбустар каттамы 4-ноябрь күнү Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитине байланыштуу убактылуу токтотулганы кабарланып, кайра жанданган эмес. Мэрия муну шаардагы эки троллейбус ДЕПОсунда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатканы менен түшүндүргөн. Маалыматка ылайык, ДЕПОлордо Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен электрбустарды кубаттоочу бекеттер орнотулууда.




Мэрия шаарда троллейбустардын ордуна электр менен жүрүүчү заманбап электрбустар иштей турганы айтылганын эскертип, троллейбустун ордуна жаңы автобус каттамдары иштеп жатканын билдирген.



Маалыматка караганда, 12-ноябрга карата Бишкекте 1200дөн ашуун автобус 56 каттам боюнча эл ташып жатат.



Ушул маалга чейин муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттамда эл ташып келген.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus